Пятница, 19 апреля, 2024
Новости

11 мартта 2022 жылы Бишкек шаарындагы №93 Кесиптик лицейинде…..

11 мартта 2022 жылы Бишкек шаарындагы №93 Кесиптик лицейинде “Бугунку кундун актуалдуу кесиптери жана келечектин IT кесиптери” темасында ачык эшик күнү болуп  өттү.

Ачык эшик күнүнө Бишкек шаарынын мектептеринин 11, 9-класстарынын окуучулары жана  аларды жетектеп келген мугалимдер, жумуш беруучулор, соц. партнерлор катышты. Жаны окуу жылында програмисттерди даярдоого корулуп жаткан иш чаралар менен таанышып мугалимдерден IT технология боюнча кызыккан суроолорго жооп алышты.

Жолугушууда алгач №93 КЛ жетишкендиктерин, артыкчылыктарын чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, андан соң №93 КЛ мудуру Серекова А.К.жолугушууну  ачуу менен учурда ар бир инсан татыктуу билимдүү болуусу замандын талабы экендигин, андай билимди берүүдө №93 КЛ бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү№93 КЛ менен жакындан таанышып, керектүү маалыматтарды алышты.

Алар №93 КЛ түзүлгөн шарттарды, анын ичинде материалдык техникалык базаны, окутуучулар курамын, студенттердин жашоо турмушун көрүп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. .

Ачык эшик күнүндо студенттер тарабынан даярдалган чебер конкурсунун, лицейдеги роботатехника жана электроника кружогунун экспонаттары, ашпозчу тайпаларынын тамак-аш жактан даярдалган коргозмолоруно кубо болушту.

№93 КЛ жалпы жамааты ар бир абитуриентке жаркын келечек жаштардын колунда жана ал келечекке биздин №93 кесиптик лицейи менен бирге умтулууга  чакырат.

Келечекке №93КЛ менен бирге!