Воскресенье, 28 апреля, 2024
Новости

Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүү системасынын 80 жылдыгына карата №93 Кесиптик лицейде көптөгөн иш-чаралар пландашылууда.Лицейде  октябрь айынан баштап ар бир жумада  кесип жумалыгы өткөрүлүп жатат. 3 октябрдан 7 октябрына чейин «Жарнамалоо жаатында компьютердик графиканын дизайнери» кесибинин бир жумалык декадасы болуп өттү. Бир жума аралыгында “Компьютердик дизайнер” тайпасы кесиби боюнча кроссворд түзүп, кесип жөнүндө презентация жасашты, Jica долбоору боюнча Япониядан келген волонтердун Ю Бибарас мастер-классына жана өндүрүштүк окуу сабактарына,  каалоочулар кирип катышып жылуу пикирлерин айтышты.

Бир жумалык декада өндүрүштүк окуунун устаты Карачанская Светлана Юрьевнанын компьютердик графиканын  сырлары  тууралуу кызуу аңгеме менен аякталды.