Четверг, 12 февраля, 2026
Новости

«Ооматы келди айтылар, Ооганда болгон баатырлар»!

15-февраль Ооган ардагерлеринин майрамдык күнүнө карата №93 Кесиптик лицейде «Ооматы келди айтылар, Ооганда болгон баатырлар»! атту темадагы иш — чара өткөрүлдү. Иш — чарага Оооган ардагерлери чакырылып, өздөрүнүн баштарынан өткөргөн кызыктуу окуяларынан кеп салып беришти.
Аларга арналып патриоттук ырлар, сценка, Ооган ааламаты жөнүндө ырлар айтылды. Иш — чара жогорку деңгээлде өттү. Окуучулар иш — чарада тынчтыкты, биримдикти, мекенге болгон урматты даңазалашты. Ардагерлер өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтышты, андан кийин сый тамакберилди, белектерин тапшырып, баардыгына ден — соолук, аманчылык кааладык!!!