Суббота, 27 июля, 2024
Новости

Фестиваль “Супара”

5 июнда  Чункурчак жайлоосундагы  “Супара”  этнокомплексининде  Турксой эл аралык  уюму менен “Супара” этнокомплекси уюштурган түрк тилдүү элдердин салттуу тамак-аш эл аралык биринчи этнофестивалы болуп өттү.Фестивальга “Супара” комплексинде практика өтүп жаткан №93 Кесиптик лицейдин окуучулары дагы өзүлөрүнүн салымын кошушту.

Комплекстин башы ашпозчусу Данияр Молдубасанов лицейдин окуучуларынын  жөнүндө кесипке даярдыгы жөнүндө жакшы жылуу сөздөрдү айтуу менен лицейди аяктагандан кийин иш менен камсыз  болоорун билдиришти.

Фестивалдын жүрүшүндө лицейдин жетекчилери фестивалга катышкан башка өлкөлөрдүн белгилүү ашпозчулары менен пикир алышып, келечекке максаттуу багыттарды белгилешти.