Суббота, 27 апреля, 2024
Новости

№93 Кесиптик лицейдин директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Тууганбаева Айсулуу Молдошбековнанын жетекчилиги астында Нооруз майрамы белгиленди. Нооруз майрамына карата майрамдын негизги символу болгон – салттуу сүмөлөк кайнатылды. Сүмөлөктү лицейдин мугалимдери эл-жерге тынчтык, молчулук, токчулук тилеп бышырып жатышты. Улуу күнгө арналган салтанаттын уландысы концерттик программа, улуттук кийимдердин этно-дефилеси менен коштолду. Салтанат учурунда кайнатылган сүмөлөк жакшы тилектер менен ачылып, окуучуларга, баардык каалоочуларга боорсок менен бирге ооз тийгизилди.