Суббота, 27 июля, 2024
Новости

21 — майда Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими Орозалиев Жаныбек Аманович жана муниципальдык башкармачылыктын өндүрүш, социалдык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери   №93 Кесиптик лицейдин эмгек жааматы жана материалдык техникалык базасы менен таанышып чыгышты.Жолугушуу учурунда лицейдин директору Серекова Анара Калыковна лицейдеги аткарылып жаткан иштер, эмгек рыногунун талабына ылайык заманбап даярдалып жаткан кесиптер боюнча толук маалымат берип, лицейдеги окуу процессиндеги инновацияларга токтолуп алдыдагы стратегиялык иш пландар менен ой бөлүштү.Ошону менен бирге райондун аймагындагы профилдүү ишканаларда кадрларды даярдоого лицейдин толук мүмкүнчүлүгү бар экенин сунуштады. Лицейдин мугалимдери  окуу процессиндеги  инновациялар, иш берүүчүлөр менен болгон байланышты баса белгилешти.Жолугушуунун аягында Жаныбек Аманович лицейдин эмгек жааматына аткарылып жаткан иштерине ыраазычылыгын билдирүү менен бирге алдыда биргелешип аткара турган иш-чараларды аныктаганын билдирди.