Среда, 8 мая, 2024
Новости

1-сентябрь күнү №93 Кесиптик лицейи адаттагыдай жаны 2022-2023 окуу жылы үчүн окуучуларга эшигин ачты…
Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейкага лицейдин администрациясы, мугалимдер жамааты, окуучулар, ата-энелер катышты. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү жана жумуш берүүчүлөр жана КР Ашпозчулар Ассоциациясынын мүчөлөрү сыйлуу конок катары чакырылды… Линейка КР Гимни менен ачылып сөз Лицейдин директору Анара Калыковнага берилди. Директор өз сөзүндө» Билим күнү менен куттуктап, окуучулардын билим алуусу жана коопсуздугу үчүн баардык шарттар түзүлгөнүн айтып, окуучуларга окуу жылында ийгилик каалады. Директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Айсулуу Молдошбековна окуучуларга ак жол калаап 2022-2023 окуу жылынын биринчи конгуроосу кагылып окуучулар устаттары менен биринчи класстык саат отту учун кабинеттерге киришти….