Воскресенье, 28 апреля, 2024
Новости

5-октябрь дүйнөлүк  мугалимдердин  кесиптик майрамында  №93 Кесиптик лицейде  салтанаттуу куттуктоо иш-чара өткөрүлдү.

5-октябрь дүйнөлүк  мугалимдердин  кесиптик майрамында  №93 Кесиптик лицейде  салтанаттуу куттуктоо иш-чара өткөрүлдү.Ошону менен бирге лицейдин мүдүрү Серекова Анара Калыковнанын “Кыргыз Республикасыны билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкери” деген ардактуу наам алышы менен инженердик-педагогикалык жаамат жана окуучулар  сыймыктануу менен куттукташты. Лицейдин мүдүрү Анара Калыковнанын жаштарга кесип берүүдөгү  көп жылдык талыкпаган эмгеги зор ийгиликти жаратып отурат.

Сыйлыгыңыз кут болсун, сиз бул сыйлыкка татыктуусуз.

Иш чарада лицейдин эмгек жааматына лицейдин жетекчилигинен жана окуучулардан жылуу майрамдык каалоолор айтылды.