2022-2023 окуу жылынын биринчи жарым жылдыгын аяктап жатып лицейде методикалык иш план боюнча, кесипке даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында №93 Кесиптик Лицейде 2022-жылдын 23-декабрында “Кесиби боюнча мыкты” кесиптик чеберчилик сынагынын 1-туру болуп өттү, сынактын талаптары төмөнкүдөй болгон: кабинеттин жасалгасы, уюштуруучулук, окуучулардын тартиби жана чеберчилик сынагына катышуусу, кесиптик кийимдери, тесттик тапшырмалар, кесиптер боюнча китепче.
Бардык өндүрүштүк окуутунун устаттары өздөрүнүн чеберчилигин жана даярдыгын көрсөтүштү.